Сүйүнчү! Баткенде үч эм төрөлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Баткенде үч эм - кыздар төрөлдү . Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар күн мурун, 15-майда жарыкка келген. Ымыркайлардын жана апасынын абалы жакшы.

Үч эмдин атасы Жаңыбай Урайым уулу Кадамжай райондук милициясынын “Жаныкул Садиров” атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенет.

Милициянын кенже лейтенанты, 33 жаштагы Жаңыбай Урайым уулу ички иштер органдарында 2016-жылдан бери кызмат өтөп келет. Жубайы Айзирек Маликова 28 жашта, кесиби журналист.

Пикир

Оставить комментарий