• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткенде чек арачылар 14,6 млн сомдук аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Баткен облусунда чек арачылар 14 млн 600 миң сомдон ашуун ири суммадагы аткезчилик жүктөрдүн алып өтүү фактыларына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-майда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары УКМКнын аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте 9 баш бука жүктөлгөн Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Анда айдоочунун жана жүргүнчүнүн жанында малга тийиштүү документтери болгон эмес. Алдын ала алынган маалыматка караганда ири мүйүздүү жандыктардын жалпы баасы болжол менен 1 млн 60 миң сомдү түздү.

Ал эми 12-майда Лейлек районунун Достук айылында чек арачылар УКМКнын аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унааны текшерүү учурунда алдыңкы отургучтарда жашыруун жайлар табылган. Отургучтардын ылдый жактарынын капталдары фанера менен тосулуп, ичинде 2024-жылы Кытайда өндүрүлгөн Tecno Spark үлгүсүндөгү 1 361 даана уюлдук телефон катылганы аныкталган. Жүк ташуучунун жанында товарды алып өтүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда смартфондор 13 млн 600 миң сомго бааланган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң бардык кармалгандар жана аткезчилик жүктөр мындан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий