Баткенде чек арачылар үчүн 60 батирлүү көп кабаттуу үй курулууда

Аймак 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Күн мурун Баткенде чек арачылар үчүн бир катар обьектилер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, 2022 аскер бөлүгүнө жакын жайгашкан чек арачылар үчүн курулган 32 батирдин ачкычын аскер кызматкерлерине тапшырды.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев өткөн жылы аталган аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери үчүн курулган 48 батирди тапшырган болчу.

Учурда ушул аймакта дагы 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. УКМК башчысы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий