• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде чек арачылар КР жаранынын Тажикстандын аймагына өтүп кеткен 130 баш жандыгын кайтарып берди

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Баткенде чек арачылар Тажикстандын аймагына өтүп кеткен кыргызстандыктын 130 баш жандыгын кайтарып беришти, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 17-февралда чек арачыларга Кыргызстандын жараны кайрылып, талаага жайып жүргөндө Тажикстандын аймагына өтүп кеткен жандыгын кайтарып берүүнү өтүнгөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кыргыхстандык кайрылгандан 25 мүнөт өткөндөн кийин 130 баш жандык ээсине кайтарылган.

Малдын ээсине чек арага жакын аймакка малды жайуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жургүзүлдү.

"КР УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арада ар кандай көйгөй жаралган учурда маселени улуттук мыйзамдын алкагында чечүү үчүн жакынкы чек ара бөлүмунө кайрылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий