• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы адамды издөө уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Баткенде дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы адамды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургуну 60 жаштагы эркек киши 14-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Аталган жарандын кийимдери Кожош-Кен суусунун жээгинен табылган.

20-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 25 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 21-май күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий