• 87.86
  • 93.94
  • 1

Баткенде эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган спорттук иш-чара өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Баткен шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган спорттук иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 31-август күнү Кыргызстандын эгемендүүлүк алган күнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган Баткен шаарынын борбордук стадионундагы мелдеште катышты.

Анда облус башчысы менен биргеликте Баткен шаарынын мэри жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышты. Облус башчысы мелдеште катышып жаткан катышуучулар менен жолугушуп, өлкөнүн эгемендикке жеткен күнүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл жаштарды, жалпы катышуучуларды спортту сүйүүгө жана спорт менен жашоого үндөдү. Мындан сырткары, облус башчысы спорттун теннис жана гира көтөрүү түрүнө өзү да катышып, үлгү көрсөттү.

Белгилей кетсек, борбордук стадиондо спорттун беш түрү боюнча мелдеш уюштурулган. Анда катышылуучулар улуттук кыргыз күрөш, аркан тартыш, таяк тартыш, шахмат, гира көтөрүү боюнча мелдешет.

Пикир

Оставить комментарий