Баткенде эки күн мурун 11 миң 105 үйгө электр жарыгы берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенде эки күн мурун 11 миң 105 керектөөчүгө электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын директору Асылбек Артыков билдирди.

Анын айтымында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы узундугу 320 чакырым болгон аба чубалгылары жабыркаган.

Нет описания.

“319 даана трансформатор, 13 миң 235 абонентке электр жарыгын берген линиялар жабыркаган. Эки күн мурун 11 миң 105 керектөөчүгө жарык берилди. Азыр дагы жумуштар уланууда”, - дейт ал.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий