Баткенде экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратууга шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Баткенде экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды социалдык тармактарда жайылтып жүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун 27 жаштагы Э. А. Ю. аттуу тургуну социалдык тармактарда Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Ислам мамлекети тобуна (ИГИЛ) тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.

Аталган факты Баткен ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") негизинде катталып, тергөөгө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, жогорудагы уюм Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылдын 13-декабрында террористтик жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий