• 87
  • 90.63
  • 0.79

Баткенде электромобилдер үчүн электр станциясы ишке киргизилет

Аймак 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Баткен облусунда электромобилдер үчүн электр станциясы ишке киргизилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүндө өткөн бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин отурумунда айтылды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, облус башчысы Абдикарим Алимбаев иш-чара бизнес коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болуусу керектигин айтып, маселелер ачык-айкын каралып, ишкерлерге тийиштүү колдоолор ыкчам көрсөтүлүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Бул ирет да отурумга бардык тийиштүү министрлик, агенттиктердин өкүлдөрү катышып, ишкерлердин маселелери каралды.

Анда Кызыл-Кыя шаарындагы "Ирадан ЛТД" ишканасынын балык чарбасы үчүн жер участогун трансформациялоо, Кадамжай районунда "Ишкерлерди колдоо борборун ачуу" маселелери талкууланды. Ошондой эле экспортко чыгуунун артыкчылыктары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу механизми, консалтинг кызматтарын өнүктүрүү боюнча баяндамалар болду.

Отурумдун жүрүшүндө Баткен облусунда электромобилдер үчүн электр станциясын ишке киргизүү долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Иш-чаранын соңунда облустун өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлерге өкүлчүлүктүн сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий