Баткенде элге эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, дин өкүлдөрү менен бирге Баткен районунун Кара-Бак айылынын эли менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жетекчилер айыл тургундарына кызамык, кызылча оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип, эмдөөнүн зарылчылыгын түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, учурда облус боюнча кызамык менен ооругандардын саны облуста 304 адамды түздү. Анын 27 учуру Баткен районунун аймагында катталган болсо, 13 учуру Кара-Бак айылынын тургундары болуп саналат. Айылда оорунун көп катталып жаткандыгынын себеби эмдөөдөн баш тарткан учурлардын өсүүсү болууда.

Мындан улам тийиштүү жетекчилер айыл эли менен жолугушууда ата-энелерге балдарынын, жалпы коомчулуктун саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырышты.

Адистер оору аба аркылуу жуккандыктан кызамык оорусу боюнча өлкөдөгү кооптуу абалды эске алуу менен андан сактануунун бир гана жолу эмдөө экенин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий