Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Тажикстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 11:22де катталып, анын күчү Баткен облусунун, Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий