• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Баткенде карылар күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Баткен шаарында 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Баткен облусунун аймагынан чакырылган ардактуу эс алуудагы ата-апалар, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышты.

Жаныбек Исаков өз сөзүндө улуу муундун өкүлдөрүн камкордукка алуу, өлкөбүздүн маанилүү багыты болуп саналаарын айтып, мамлекет улгайган жарандардын пенсиясын жогорулатуу менен кошо, бир катар социалдык жеңилдиктерди түзүү үстүндө иш алып барып жатканын, бүгүндөн тарта пенсия дагы жогорулаганын белгиледи.

Карыларга бул күнү сый тамак берилип, майрамдык концерт тартууланды.

Ушул тапта облустун бардык аймактарында карылар күнүнө карата иш чаралар уюштурулуп, урмат-сый көрсөтүлүүдө.

Социалдык фонддун маалыматына таянсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сом болду, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий