• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде ӨКМ кызматкерлери чек ара айылдарын таза суу менен камсыз кылууда

Аймак 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Баткенде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек ара айылдарын таза менен камсыз кылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин төмөндөп кеткендигине байланыштуу Баткен районунун чек ара айылдарында да суу түтүктөрүнө муз тоңуп, таза суу муктаждыгы жаралган.

"Буга байланыштуу жергиликтүү элдин муктаждыгын чечүү максатында №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы Самаркандек, Жаңы-Бак, Паскы-Арык жана Орто-Сай айылдарын таза суу менен камсыз кылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий