Баткенде ӨКМ кызматкерлери майыптыгы бар жарандарга жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы майыптыгы бар жарандардан кабар алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кызматкерлер шарты оор турмушта жашап жаткан Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын тургундары менен жолугушту.

Офицерлер аярлуу катмардагы жарандарга жылуу сөзүн айтып, азык-түлүктөрдү тапшырды.

Белгилей кетсек, 3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата демилге көтөргөн райондук бөлүмдүн кызматкерлери мындай колдоону жыл сайын улантып келишет.

Пикир

Оставить комментарий