Баткенде кооптуу жерге соода түйүндөрүн өзүм билемдик менен курган фактылар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Жер мыйзамдарын одоно бузуу фактылары аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, Баткенде 16 ишкердик жүргүзүүчү субъект тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылар аныкталды.

Бул факты боюнча 14-апрелде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий