• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Баткенде коррупциянын алдын алууга багытталган маалыматтык жыйындар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Баткенде коррупциянын алдын алууга багытталган маалыматтык жыйындар өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анда КР президенти кол койгон "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамындагы өзгөрүүлөр боюнча маалымат берилүүдө.

Атап айтканда, президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн, укук, тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери менен жер жерлерде жолугуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөнү тууралуу маалыматтар берилүүдө.

Коррупциянын түрлөрү, КР Кылмыш-жаза кодексинин максаттары жана милдетери тууралуу маалымат жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий