• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Баткенде "Куттуу эл" республикалык улуттук форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Бүгүн Баткенде "Куттуу эл" республикалык улуттук форуму болуп өттү, деп билдирет президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

“Баатыр элим – Баткеним” аталышындагы форумдун ишине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер жана мамлекеттик ишмерлер катышты.

Иш-чара Баткен облусунан чыккан мамлекеттик ишмерлердин айкелине гүл коюу аземи менен башталды.

Андан соң жетекчилер форумдун алкагында уюштурулган улуттук кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө күбө болушту. Мында улуттук тамак аш менен Баткендин күрүчү жана өрүгүнөн жасалган, жергиликтүү ишкерлер өндүргөн азык түлүктөр коюлган.

Иш-чаранын алкагында 100 манасчы Манас айтты.

Форумда Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата — “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө өрүкзарлуу Баткенден чыккан улуу инсандардын кошкон салымы”, “Баткен – кечээ, бүгүн, эртен” деген аталышта тарыхчылар баяндама жасашты.

Форум жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолду.

Белгилей кетсек, иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кара кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий