• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Баткен шаарында 11-17-август аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин келээрки жумада Тажикстандын аймагында боло турган кезектеги жолугушууда улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий