• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2022-жылдын 21-26-июлунда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий