• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Баткенде кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Өзбекстандан келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кошуна өлкөнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушууда кыргыз-өзбек элинин ортосундагы достукту бекемдөө, кызматташтыкты чыңдоо туурасында сүйлөшүлдү.

Ошондой эле Баткен облусунун эки айылына курулуп жаткан 330 орундуу мектептин курулуш иштери туурасында да сөз болду.

Мектептердин курулушу 2021-жылдын августунда башталып, бүгүнкү күндө дээрлик 90-100 пайызга бүткөрүлгөн.

Ал эми пайдаланууга Лейлек районунун Маргун айылындагы мектеп 2022-жылдын 1-апрелине жана Самаркандек айылындагы мектептин курулуш иши 1-майга бүткөрүлүп, берилүү алдында турат.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунун жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын 25-октябрындагы Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө” макулдашуунун долбоору каралып, жактырылган.

Аталган макулдашууга ылайык, Өзбекстан Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдыктарды менен камсыздоо жагы каралган.

Пикир

Оставить комментарий