Баткенде медакадемиянын заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Баткенде И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу аяктады.

Азыркы учурда объектидеги курулуш иштери 95%га бүткөрүлдү. Жаңы окуу жылына карата комплекс толук пайдаланууга берилет.

Эскерте кетсек, комплекс көп тармактуу дарылоо-диагностикалык оорукана катары курулуп, заманбап жабдуулар, рентген кабинети, УЗИ, МРТ, ЭКГ менен жабдылган. Мындан тышкары, комплекстин аймагында 200 орундуу конференц-зал, студенттер үчүн 200 орундуу жатакана жана 500 орундуу күндүзгү оорукана курулган.

Долбоордун курулушуна кеткен чыгым болжол менен 603,5 млн сомду түзөт.


Эскерте кетсек, 2022-жылы июнда президент Садыр Жапаров аталган комплекстин курулушуна капсула салган.

Пикир

Оставить комментарий