Баткенде милиция кызматкерлери үчүн бир жумалык семинар өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. 25-апрелден 28-апрелге чейин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын 150 жакын кызматкерине “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу семинар-тренинг өтүүдө.

Облустук милициядан билдиришкендей, семинар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында өтүп, ага Европа Биримдигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттер дагы катышууда.

Семинар милиция кызматкерлери үчүн туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду.

Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 1500ден ашык нускада усулдук китепче, буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий