• 87
  • 90.59
  • 0.87

Баткенде облус башчысынын балаты майрамы өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Бүгүн Баткенде облус башчысы Айбек Шаменовдун балдар үчүн балаты майрамы өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы жылдык иш- чарага окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган 110 бала чакырылган.

Облус жетекчиси Айбек Шаменов балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окууларына ийгилик жана бактылуу балалык каалады.

Балдарга облустук драма театрынын артисттери тарабынан жаңы жылдык жомок тартууланып, ар бир балага облус башчысынын белектери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий