Баткенде облустук медиа-борбордун имаратынын курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Баткенде облустук медиа-борбордун имаратынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров салынып жаткан борборго барып, курулуш иштери менен таанышып чыккан. Ал, куруучуларга имараттын курулушун өз мөөнөтүндө, сапаттуу аяктоону тапшырган.

"Медиа борбордун имаратынын курулушу, жабдуулары жана эмеректери үчүн республикалык бюджеттен жалпы 38 млн сом каралган. Бүгүнкү күнгө анын 25 млн сому каржыланган. Курулуш иштери 2020-жылдын май айына карата толугу менен аяктап, пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий