Баткенде прокурордун орун басары пара алып жатып кармалды

Аймак 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Баткен районунун прокурорунун орун басары Т.Т. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 13-январында Баткен шаарында Өзбекстандын эки жараны ижарага алган үйдө өрт чыгып, ал сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, өрт электр зымдарынын тийишүүсүнөн чыкканы аныкталган.

Баткен шаардык милиция 2-февраль күнү "кылмыштын курамы жок" деген негиз менен соттук өндүрүш токтотулуп, чечимдин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Баткен райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Бул иштин материалдарын караган прокурордун орун басары өзбек жарандарынын бирин Кыргызстандын аймагында иштөөгө документтери жок деп аны депортация кыларын айтып коркутуп, 30 миң сом талап кылган.

16-март күнү прокурорудун орун басары 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынган.

"Пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий