• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет

Аймак 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Баткен облусунун Кара-Бак айылында кургатылган өрүктү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет.

Ишкер Турсунали Төлөмүшевдин айтымында, жылына 1 миң 500 тонна өрүктү кайра иштетүү пландалууда. Өрүк АКШ, Япония жана Россияга экспорттолот.

“Бүгүнкү күндө ишкана 95 пайызга даяр. Мындай завод облустун аймагында биринчи жолу ишке киргени жатат”, - дейт ал.

Ишкер кошумчалагандай, ишкана ишке кирсе 30дан ашык адам жумуш менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий