• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Баткенде россиялык альпинистти издөө иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Баткенде таң эрте россиялык Г.Е. аттуу альпинистти издөө иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, ал үстүбүздөгү жылдын 12-февралында Баткен облусунун Лейлек капчыгайындагы бийиктиги 5350 метрлик “Аксу” чокусуна чыгып, акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн.

Учурда дайынсыз болуп жаткан россиялык жаранды издөөг ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адамды издөөгө россиялк 3 альпинист кошулду.

Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий