• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды

Кырсык 0


Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.

Ошондой эле Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырым аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду.

Пикир

Оставить комментарий