Баткенде шахтада газга ууланган адам аман-эсен куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Баткенде шахтага газга ууланган адам аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Сүлүктү шаарындагы "Райымберди" ЖЧК шахтасында газ чыгып, жабыркагандар бар экендиги тууралуу саат 10:19да 102 кызматынан кабарланган. Саат 10:20да ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик взводунан жалпы 12 куткаруучу тартылган.

Аталган шахтага ыкчам жетип барышкан куткаруучулар 45 жаштагы А.Т.А. аттуу кенчини куткарып, ГС-10 аппаратын кошуу менен биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө жетишкен.

"Учурда анын абалы туруктуу. Куткарылган жаран Тез жардам кызматына өткөрүп берилген соң шахтанын ичинде чалгындоо иштери жүргүзүлүп, шахтада башка кенчилер жок экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий