• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Баткенде студенттерге финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Күн мурун Баткен Мамлекеттик университетинин Көп тармактуу колледжинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти.

Окуучуларды өз каражатын туура пайдаланууга үйрөтүү, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле алардын инвестициялоо, салык, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин өркүндөтүү тренингдин максаты болуп саналат.

Тренингдер Улуттук банк тарабынан Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий