Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Баткенде сууга чөгүп кеткен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмат билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарында Батырханов каналына 1972-жылы туулган аял киши түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 9 куткаруучу тартылып, аялдын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий