Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен шаарындагы Батырканов атындагы каналга түшүп кеткен 25 жаштагы жигит куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июнда болжол менен саат 14:22лер чамасында куткаруучуларга каналга бир адам агып кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине барган куткаруучулар сууга аккан жаранды куткарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Пикир
Оставить комментарий