• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде сууга түшүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Баткен шаарынын жашоочуларына сууга түшүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан шар аккан каналдардын, кооптуу көлдөрдүн боюна сууга түшүүгө кооптуу аймак экендиги белгиленген эскертүү тактайчалары, банерлер орнотулган.

2023-жылдын башынан бери Баткен шаарында эки бала сууга чөгүп каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий