Баткенде Төрт-Гүл суу сактагычынан 1500 метрден ашык браконьерлик торлор чогултулуп, жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Баткенде Төрт-Гүл суу сактагычынан 1500 метрден ашык браконьерлик торлор чогултулуп, жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы адистери жана инспекторлору Төрт-Гүл суу сактагычында, Кожешкен, Ак-Суу Козу-Баглаң дарыяларынын жээктеринде мыйзамсыз балык уулоо фактыларын болтурбоо максатында рейд жүргүздү.

Жыйынтыгында 4 жарандын мыйзам бузгандыгы аныкталып, 1000 сомдон айып пул салынып, 1010 сом доо коюлду.

Мындан сырткары, Төрт-Гүл суу сактагычынан 1500 метрден ашык синтетикалык кытай торлору жана пластик бутылкалары чогултулуп, белгиленген тартипте жок кылынды.

Ошондой эле көл жээгинде кайырмак салган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдү.

Пикир

Оставить комментарий