• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Баткенде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди, - деп кабарлайт өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкон инсандардын эстелигине гүл чамбарларды коюу менен башталган.

Андан соң өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова баштаган жетекчилерге сөз берилип, бул күндүн улуулугуна, маани маңызына токтолушту.

“Баткен - кыргыз мамлекетинин түптөлөшүнө өмүрүн арнаган улуу инсандардын мекени. Айтылуу Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Абсамат Масалиев аталарыбыз биздин бүгүнкү жаркын келечегибиз үчүн зор эмгек кылышкан. Бүгүн биз ата-бабаларыбыздын эрдигине таазим этебиз. Элибиз эзелтен ата-бабаны урматтаган, сыйлаган эл. Элибиздин бай тарыхын, маданиятын даңктоо, келечек муундун алдындагы парзыбыз” - деп билдирген Сатарова.

Пикир

Оставить комментарий