Баткенде Тажикстандан жүзүм алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Баткенде чек арачылар 28-сентябрда аткезчилик жүзүмдү кармашты.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен районундагы Жут жерлигинде кызмат өтөп жаткан чек арачылар Mercedes-Benz Sprinter жана Volkswagen Crafter үлгүсүндөгү эки автоунааны токтотушкан.

Токтотулган автоунааларды текшерүү маалында 6 тонна жүзүм бар экендиги аныкталган.

"Айдоочулар жүзүмдү Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылышкан. Алдын ала маалыматка караганда, кармалган жүктүн болжолдуу баасы 450 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Керектүү документтер чогултулган соң айдоочулар жана кармалган жүк тиешелүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий