Баткенде Тажикстандын аймагына өтүп кеткен 10 баш кой кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Баткенде Тажикстандын аймагына өтүп кеткен 10 баш кой кайтарылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-октябрда Баткен районунун Дөбө айылынын 53 жаштагы тургунунун 10 баш кою коңшулаш Таджикстандын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан айылына өтүп кеткен.

Бул кабарды уккан Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тажик кесиптештери менен өз ара сүйлөшүп, ушул эле күнү чек арадан өтүп кеткен 10 баш кой кайра Кыргызстанга өз ээсине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий