• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Баткенде топографиялык топтордун кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий