• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенде УАМ согуштун 3 ардагери автоунаа белекке алышты (сүрөт)

Аймак 0

Ош, 09.05.18. /Кабар/. Баткен шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына үч ардагерге автоунаа, ал эми дагы эки ардагерге 100 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

Маалыматка ылайык, автоунаалар жергиликтүү бюджеттен болүнгөн каражатка алынган. Алсак, Кадамжай районундагы жалгыз УАМ согуштун 94 жаштагы ардагери Шамши Эшбаевге “Жигули” унаасын белекке беришти, жергиликтүү бюджеттен 160 миң сом бөлүнгөн.

Ушундай эле үлгүдөгү “Жигули” унаасы Баткен районунун Кара-Бак айылындагы ардагер Дыкан Калбаевге ыйгарылган.

Ал эми 98 жаштагы ардагер Мамат Ысмановго “Тойота Виндом” үлгүсүндөгү унаа тапшырылды, ал үчүн жергиликтүү бюдеттен 140 миң сом бөлүнгөн. Каражаттын калган бөлүгү ардагердин балдарынын жардамы менен чогултулган.

УАМ согуштун калган ардагерлерине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн резервдик фондунан жана КР президентинин атынан акчалай каражаттар берилди.

Андан тышкары, Баткен шаарынын мэриясы УАМ согуштун эки ардагери Ашир Рахматовго жана Садык Буркановго мэриянын атынан 100 миң сом өлчөмүндө акчалай каражат берди.

Пикир

Оставить комментарий