Баткенде укук бузуулар боюнча окутуулар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын окутуу залында бүгүн 29-март күнү чоң масштабда семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган семинарга Баткен облусундагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары, ошондой эле облус аймагындагы коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, аксакалдар соттору, аялдар кеңеши катышты.

Бул семинар ИИМ, "Эл аралык толеранттулук үчүн" коомдук фонду жана Saferworld эл аралык уюму менен кызматташтыкта уюштурулуп, укук бузууларды алдын алуу боюнча темалар каралды.

ИИМдин КККнын бөлүм жетекчиси Т.Алижанов жана башкы инспектору М.Чымырбаевдер "Укук бузуулар жөнүндө", "Укук бузуулардын алдын алуу негиздери жөнүндө", КР президенти Садыр Жапаровдун үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын окутуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйындын аягы кызуу талкууланып, суроо-жооптор менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий