Баткенде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Садык Бурканов дүйнө салды

Аймак 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Баткен эли оор жоготууга учурады.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Баткен облусунун ардактуу аксакалы Садык Бурканов дүйнө салды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Садык Бурканов согуш башталган жылдары 15 жашта болгон. Колхоздун малын багып, эгинин эгип, суукту суук, ысыкты ысык дебей, тылда эмгектенген.

17 жашында согушка аттанып, Ленинградда кызмат өтөп, душмандын мизин кайтарууга катышкан. Ленинграддагы ачкачылык, каатчылыкты башынан өткөргөн.

Согуштан кийин да, талкаланган шаарларды, бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүүгө катышып, оор кызматта жүргөн.

1950-жылы гана мекенине кайткан.

Согуштан келгенден кийин да колхоз-совхоздо эмгектенип, өмүр бою эл кызматында болду.

Биздин бүгүнкү бакубат жашообуз, аталарбыздын жаратман эмгеги, согуш талаасында көрсөткөн кажыбас мээнетинин акыбети.

Маркумдун үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Жалалов, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Ж. Максутов, орун басары Ч. Саттарова, аппараттын жетекчиси М. Насиров жана аппараттын кызматкерлери.

Пикир

Оставить комментарий