• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 09.05.23./Кабар/. Баткенде 9-май — Улуу Жеңиш майрамына арналган салтанат жергиликтүү жетекчилердин “Өчпөс от” эстелигине гүл коюусу менен башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына багышталып Куран окулуп, бата кылынды.

Салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү шаар көчөлөрүн аралап борбордук стадионго барды.

Майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков облус жетекчилигинин атынан жалпы Баткен элин Жеңиш майрам менен куттуктады.

Майрамдык иш чара жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолуп,жалпы элдик сейилдөө менен уланууда.

Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунда 90 ооруктун ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий