• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде жабыркаган үйлөр жыл аягына чейин курулуп бүтөрү айтылды

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуудан жалпы 638 объект жабыркаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттинин директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, 638 объекттин ичинен 421 турак үй жараксыз, 217 үй кайра калыбына келтирүүгө болот.

“23 социалдык объект жабыркаган. Анын ичинен алтоо курулушу керек, 17син оңдоп-түзөө зарыл. Ошондой эле 12 мектеп: үчөөнү жаңы куруу керек (Кызыл-Бел – 200 орундуу, Достук – 100 орундуу жана Көк-Таш айылында – 120 орундуу), тогузун оңдошубуз керек. Сегиз бала бакчанын ичинен экөө жаңыдан, калганы оңдолот. Мындан сырткары, бир ФАПты кайрадан куруп, бирөө оңдолушу керек. Дагы бир административдик имарат оңдолот”, - дейт ал.

Абдыраев Баткен облусунда жабыркаган жана кыйраган үйлөрдүн курулушу башталганына токтолду.

“Биздин агенттик үйдүн долбоорун тандап, бекитти. Бир үйдүн аянты 91,6 чарчы метрди түзөт. Жыл бүткөнчө жабыр тарткан үйлөрдүн баарын куруп бүтүрүүгө аракет кылабыз. Бирок белгилеп кетсем, биздин агенттик үйлөрдү курбайт, ал менен подряддык уюмдар алектенет. Биз конкурс өткөрөбүз, аны жеңип алган курулуш ишканалары башка мекемелерди тартып, иш жүргүзөт. Биз аларды текшерип, көзөмөлдөп турабыз”, - деди ал.

Абдыраев жабыркаган үйлөрдү оңдоо жана курууга конкурс жарыяланганын айтып, аны утуп чыккан компания бир үйдү курууга 3 млн 315 миң сом суммасындагы бааны бекиткенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий