• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Баткенде жол оңдоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Баткен облусунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан асфальт төшөө, жердин негизин даярдоо, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жолдордо жол оңдоо иштери уланууда:

- Арка 2 - Маргун-Даркум автоунаа жолунда 1 чакырым жерине асфальт төшөө иштери башталды;
- Сох-Кан-Зардалы автоунаа жолунда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө;
- Катраң-Өзгөрүш автоунаа жолунда асфальтоо жана негизин даярдоо иштери жүрүп жатат;
- Кыргыз-Кыштак айылынын 1 чакырым жолу асфальт төшөөгө даярдалууда;
- Үч-Коргон-Теңизбай автоунаа жолунда жер иштери жүрүүдө. Жийделик -Ак Кыя автоунаа жолунда жолду тазалоо, таштарды алуу жумуштары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий