• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Баткенде жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 481 учуру катталды

Аймак 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Баткен облусунда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 481 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн Баткен облусундагы ИИОнун 8 ай ичинде аткарган иштерин жыйынтыктаган ыкчам кеңешмеде айтылды.

Облустук милициянын маалыматына караганда, анын ичинен 359 жаранга коргоо ордерлери берилген.

Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов учурдун көйгөйү болуп жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында аткарылып жаткан иш-чараларды жандантууну жана алардын түпкү себебин тактоо менен бирге түп тамырынан чечүү боюнча багыттарды берди.

Ыкчам кеңешмеге Баткен ОИИБдин жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары катышты.

Пикир

Оставить комментарий