• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткендеги чек ара чыры. 122 адам материалдык жардам алды – Солтонбекова

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда чек ара жаңжалынан жабыркаган 122 адам материалдык жардам алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен жакынын жоготкон 30 үй-бүлө жана 92 жабырлануучу бар. Материалдык жардам көрсөтүүгө бюджеттен 34,52 млн сом каралган.

“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жабырлануучулардын бир жолку жардам алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөнүн белгилеп кетким келет. “РСК Банкы” менен келишимге кол коюлган, ага ылайык жарандар кайрылган жерине карабастан банктын каалаган бөлүмдөрүнөн бир жолку материалдык жардамды ала алышат”,-дейт ал.

Солтонбекова айткандай, мындан тышкары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга ай сайын кошумча берилүүчү социалдык жөлөк пул түзүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.

“Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 75 адамга ай сайын 3700 сомдон кошумча социалдык жөлөк пул төлөөгө жылына 3 млн 363,3 миң сом керектелет. Кошумча жөлөк пулду төлөө ата-энеси каза болгондордун 18 жашка чыга элек балдарына жана жалгыз баласы каза болгон ата-энелерге жана жабырлануудан улам майыптык алгандарга төлөө пландалууда”, - дейт саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий