• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткендеги кырдаал боюнча түзүлгөн ЖКнын Оштогу штабы тийиштүү жумуштарды алып барууда

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Баткендеги кырдаал боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин Ош шаарындагы штабы тийиштүү жумуштарды алып барууда. Бул тууралуу ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Алишер Козуев, Жанарбек Акаев жана Эмил Жамгырчиев Ош шаарына барып, Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү иштерине катышты. Муну менен катар депутаттар Ош шаардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Андан тышкары эл өкүлдөрү эвакуацияланган жарандардан кабар алып, алар менен баарлашты.

Белгилей кетсек, Баткенден эвакуацияланган жарандар үчүн Ош шаарында жатак жайлар даярдалып, келгендерге медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий