• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баткендеги "Мадыген" геопаркына саякат уюштурулду

Аймак 0


Бишкек. 30.10.23. /Кабар/. Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынан батышка карай 18 чакырым алыстыкта жайгашкан "Мадыген" геопаркына саякат уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Мадыген" геопаркына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил баштаган элчиликтин өкүлдөрү, мекеме ишканалардын кызматкерлери, тарыхчылар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү барды.

Алар геопарктын аймагындагы Сары-Тоо капчыгайына, Кан-и-Гут үңкүрүнө, IX-X кылымга таандык байыркы эритүүчү мештерге, түркүн түстүү — "Мадыген" оазисине, каньондорго саякатташты.

Белгилей кетсек, КР министрлер кабинетинин чечими менен уникалдуу, эталондук жаратылыш мурастары бар аймактарды сактоо максатында жалпы аянты 8 160 гектардан турган “Мадыген” жаратылыш эстелиги түзүлгөн.

"Мадыген" геопаркы — Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынан батышка карай 18 км алыстыкта жайгашкан.

Байыркы заманда бул түстүү тоолор Сармат деңизинин түбү болгон деген маалыматтар бар. Геологиялык процесстер бул жерде укмуштуудай пейзаждарды жана жаратылыш эстеликтерин жараткан.

Пикир

Оставить комментарий