• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткендеги сел Достук – Ак-Сай унаа жолундагы көпүрөнү бузуп кетти

Аймак 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Тажикстан менен чектеш Көк-Терек айылындагы Достук-Ак-Сай унаа жолунда көпүрө бузулуп, каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, азыркы тапта аны биргеликте кайрадан калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу кошумча маалымат дагы берилет.

Белгилей кетсек, күн мурун 16:00дөр чамасында Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл-Таш-Согмент-Таян (3-9-чакырымдар аралыгы), Сох-Кан-Зардалы (29-31-чакырымдар аралыгы), Коргон-Катран-Баул (0-15-чакырымдар аралыгы) жана Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы менен ушул эле жолдун Баткен – Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу жабылган.

"Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын №2 жана №13 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан тынымсыз тазалоо иштеринин натыйжасында Баткен – Боз-Адыр жолу эки тараптуу ачылып, калган унаа жолдордо бир тараптуу каттам берилген. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий