• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткендин 25 айылын сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо жакшыртылат

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Баткенде 25 айылда сугат суу жана ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртууга багытталган "Тынчтык үчүн суу: Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу жана бейпил жамааттар" долбоору ишке ашууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоор Баткен жана Лейлек райондорунун 25 айылын камтыйт. Ал айыл тургундарынын сугат жана ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн, социалдык обьектилердин суу менен камсыз кылуусун жана канализациялык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча, сууну фильтирлөө системаларын орнотуу, суу аркылуу жугуучу инфекцияларды кыскартуу аркылуу экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышына салым кошот.

Долбоор Мерсико уюму тарабынан “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду менен биргеликте ишке-ашырылууда.

Бүгүн, 13-февралда Баткен облусунда аталган долбоорду презентациялоочу жыйыны өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, Мерсико уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Елена Бурян, район-шаар башчылары жана суу чарба тармагынын адистери катышты.

Жолугушуунун максаты долбоорлорду өз убагында баштоо жана ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өнүктүрүү институттарынын ортосунда туруктуу өнөктөштүктү түзүү болду.

Жыйын катышуучуларына долбоор тууралуу кеңири маалымат берилип, анын максаты, милдети, күтүлгөн натыйжалар жана тийиштүү тараптардын ролу талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий